super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча дүйнө чемпиону 38 миллион, тайпадан чыкпагандар 8 миллион долларга ээ болот

 

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун жалпы байге фонду 400 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу ФИФАнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдагы чемпиондуктун байге фонду буга чейинкилерге караганда жогору.

Салыштыра келсек, 1982-жылы Испанияда өткөн чемпиондукта фонд дээрлик 20 эсеге аз болгон. Ал эми 2014-жылы Бразилияда ФИФА байге фонду үчүн 358 миллион доллар бөлгөн. Бул каражаттар катышкан командаларга жетишкендиктерине карата бөлүнөт.

Бул жылдын чемпиону 38 миллион, күмүш медалдын ээси - 28, коло медалдын ээси - 24, 4-орунга ээ болгондор - 22 миллион долларга ээ болмокчу. Ошондой эле чейрек финалга чейин жеткен командалар - 18 миллион, жарым-чейрек финалга жеткендер - 12 миллион доллар алса, тайпалык баскычка катышкандар - 8 миллион долларга ээ болушмакчы.

Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу 14-июндан 15-июлга чейин өтөт. Учурда жарым-чейрек финалынын оюндары өтүүдө.






Футбол боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун жалпы байге фонду канчаны түзөт?

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.07.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
2022де Кыргызстан да катышып калат буйруса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: