super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ИЮЛЬ: Орусиянын Эл артисти наамынын ээси, советтик жана орусиялык актёр Дмитрий Назаров 61 жашка чыкты

 

Советтик жана орусиялык актёр Дмитрий Назаров 1957-жылы 4-июлда Орусиянын борбору Москва шаарында туулган. 1980-жылы М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайын аяктаган.

Актёр 1980-жылдан 1995-жылга чейин Кичи театрда, андан соң "Сфера" атындагы театрда, ага катар Орус Армиясынын театрында иштеп, 2002-жылдан тартып Чехов атындагы театрда эмгектенген.
1993-жылы май айында Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болсо, 2000-жылы Орусиянын эл артисти наамын алган.Ал "Чакырык", "Ашкана", "Шпион", "Париждеги ашкана" ж.б. сериал жана тасмаларга тартылган.
Дмитрий Назаров 3 жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы Наталья Назарова экөөнүн ортосунда Нина аттуу кызы бар болсо, экинчи жубайы Наталья Красноярская төрөгөн эмес. Ал эми учурдагы жубайы, актриса Ольга Васильева экөө Арсений жана Арина аттуу балдарды тарбиялашууда.Азыркы жубайы Ольга Васильева менен
4-июлга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: