super.kg logo
  Саясат  

Жактоочу: "Мээрбек Мискенбаевге эч кандай айып угузула элек"

 

Мээрбек Мискенбаевге эч кандай айып угузула элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча жаранга кылмыш иши козголгондон кийин айыбы угузулат.

"Учурда Мээрбек Мискенбаевге айыбы угузула элек жана кылмыш иши козголгон токтом өзүнө, мага дагы тааныштырыла элек. Мен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү менен сүйлөштүм, ал бул иш боюнча эч кимге эч кандай маалымат берген жокмун деди", - дейт Жумашев.

Ошондой эле жактоочу Мискенбаевге айыбы угузулуп, кылмыш иши козголгон токтом тааныштырылбагандан кийин бул иш боюнча кылмыш козголгонун же козголбогонун билиш үчүн аталган органдан талап кыла албай тургандыгын кошумчалады.

Мээрбек Мискенбаев буга чейин жактоочулары маселени тактап жатканын билдирген.

"Бул иш сага козголду деген чакыруу берген жок, оозеки да айткан жок. Өзүбүз суроо-талап жибердик, жообун күтүп жатабыз. Бул, менин оюмча, маалыматтык каралоо", - деди Мискенбаев.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылганыбызда "бул ишти тактап беребиз" деген гана маалымат менен чектелип, так жооп айта элек.

Эске салсак, 29-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун "Азаттык" жазып чыккан.

Мискенбаев бул иш өзүнө карата саясий куугунтук экенин айтып, "Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырсын" деген сөздү айтканымдан кийин башталды", - деп айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: