super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-ИЮЛЬ: Үч жолу үйлөнүп, баары менен ажырашкан америкалык актёр Том Круз 56 жашка чыкты

 
Мындан 56 жыл мурун, тагыраагы, 1962-жылы 3-июль күнү Голливуддун эң жарык жылдызы, америкалык актёр Том Круз Мапотер IV АКШнын Нью-Йорк штатындагы Сиракьюс шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал актёр гана эмес, кинорежиссёр, продюсер, сценарист да болуп саналат. Том Круз үч ирет "Алтын глобус" сыйлыгына арзып, үч жолу "Оскарга" көрсөтүлгөн. Том Круз өзүнүн жогорку актёрлук чеберчилигин "Магнолия" драмасында көрсөтө алган.
Актёрлук карьерасын 1981-жылы “Түбөлүктүү сүйүү” тасмасынан баштаган. Бирок атактуулукту 1983-жылы тартылган “Кооптуу бизнес” фильми алып келген.
1987-жылы америкалык актриса Мими Рожерске үйлөнүп, 1990-жылы ажырашып кетишкен.
1990-жылы актриса Николь Кидман менен баш кошуп, 2001-жылы аны менен да ажырашып кеткен. Экөө Изабелла жана Коннор аттуу балдарды багып алышкан.
Үчүнчү ирет 2006-жылы актриса Кэти Холмс менен үй-бүлө куруп, 2012-жылы эки башка жолго түшүшкөн. Экөөнүн ортосунда Сури Круз аттуу кызы бар.
Учурда туруктуу мамиле курууга убакыт бөлбөй келет.
2013-жылы 21-мартта Том Круз орусиялык ВКонтакте социалдык тармагына катталган.
Атактуу актёр төмөнкү фильмдерде роль жаратып кино тармагында карьерасын түптөй алган:
  • "Мыкты аткыч" (1986)
  • "Акчалардын түсү" (1986)
  • "Төртүнчү июлда төрөлгөн" (1989)
  • "Аткарылбас миссия" (1996)
  • "Магнолия" (1999)
  • "Аткарылбас миссия 2" (2000)
  • "Космостук бекет" (3D) (2002)
  • "Акыркы самурай" (2003)
  • "Дүйнөлөрдүн согушу" (2005)
2006-жылы "Аткарылбас миссия 3" (2006), "Аткарылбас миссия: Фантомдордун протоколу" (2011), "Обливион" (2013), "Аткарылбас миссия: Каракчылар уруусу"(2015) тасмаларында кайталангыс образдарды жарата алган. Акыркы жылдарда өзү режиссёрлук ишмердикти аркалоо менен, актёрлук кесибин да токтотпой келет.
2017-жылы "Мумия" тасмасына тартылган.
Бүгүнкү күндө 2019-жылы жарыкка чыга турган "Аткарылбас миссия: Натыйжа" тасмасын тартуу менен алек болуп жүргөн кези.
3-июлга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.07.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулзат Мамытбектин куйоосуго.Болочок жездебиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: