super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ИЮЛЬ: Мындан 12 жыл мурун орусиялык театр жана кино актёру Андрей Краско жүрөк оорусунан улам көз жумган

 

"Чырактары талкаланган көчө”, “9-рота”, “Сүйүү сабизи”, “Кыйратуучу күч” жана башка бир топ белгилүү тасмаларга жана сериалдарга тартылган советтик театр жана кино актёру Андрей Краско 2006-жылы 4-июлда тасмага тартылуу учурунда жүрөк оорусунан улам көз жумган.Ал кичинесинде өрт өчүргүч, космонавт же шахтёр болууну каалачу. Чоңойгон сайын каалоолору өзгөрүп, актёрлук кесипти аркалоону чечет. Санкт-Петербургдагы актёрлук окуу жайды аяктаган соң, аскердик кызмат өтөөгө кеткен. Ал жактан келгенден кийин театрда иштеп, тасмаларга тартыла баштаган.

Актёр тасмаларда ар кандай образдарды чагылдырган. Мисалы, “Сулуулардын падышалыгы” тасмасында журналисттин, “Брежнев” сериалында чач тарачтын, “Ак кемеде” фильминде пансионаттын жетекчисинин жана башка ролдорду ийине жеткире аткарып бере алган. Ал эми алгачкы ролун бала бакчада ойногону айтылат. Анда актёрдун атасы аяз атанын, өзү коёнектин образын жараткан.

Ошондой эле 1999-жылы чыккан “Улуттук коопсуздук агенти” тасмасында башкы каарманды ойнобосо да, дал ушул тасмадан соң актёрдун күйөрмандары көбөйүп, жылдызга айлана баштаган.

Ал мектепте окуп жүргөн кезде эле спирт ичимдиктерине жакын болгон. Бир жолу белгилүү басылмага интервью берип жатып, бул тууралуу өзү айтып берген.

“Жашырганда эмне, бир ичсем токтобостон ичем. Окуучу кезимде алкоголь эч таасирин тийгизбесе, азыр бир жума ичсем, бир жума калыбыма келүүгө аракет кылам”, - деген ал.

Орус басылмалары актёрдун 2 жолу расмий түрдө, 4 жолу жарандык никеде, жалпысынан 6 жолу үйлөнгөндүгүн жазып келишет. Алардан 2 уул, 1 кыздуу болгон.

4-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: