super.kg logo

Орусиялык ырчы МакSим ден соолугуна байланыштуу сахнадан кетти

 
Ырчы улуу кызы Александра менен

Орусиялык ырчы, аткаруучу МакSим ден соолугуна байланыштуу чыгармачылыгына тыныгуу жарыялаган. Бирок кандай дарт менен алышып жатканын ырчы маалымдаган эмес. Учурда ал кандай оору менен жабыркаганы ачыкка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, МакSим акыркы күндөрү башы айланып ооруганынан дарыгерлерге кайрылган. Медициналык кароонун натыйжасында ырчынын баш мээсинин кан тамырлары жайында эмес экендиги аныкталган. Мындан улам дарыгерлер ырчыга толук кандуу эс алуу жана дарылануу керектигин айткан.

Ал эми ырчынын жакындарынын бири: "МакSимдин ден соолугу бир нече ай мурда солгундап баштаган. Концерт коёрдун алдында анын башы катуу айланып, ооруп калды. Ошондо дарыгерлердин жардамына муктаж болдук. Ал буга чейин дагы ушундай болгон. Бирок эс алгандан кийин кайра жумушун жасап жүрө берчү. Москвага келгенде медициналык кароодон өттү. Ошондо ал толук кандуу эс албай, уйкудан калгандыктан баш мээсинин кан тамырларына доо кетиптир", - деп жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.

Учурда ырчы дагы бир жолу медициналык текшерүүдөн өтөт. Ал эми ырчы "Мен үчүн кабатыр болуунун кажети жок. Оорунун белгилерине маани берген эмесмин. Эми ден соолугумду калыбына келтирүү үчүн дарыланам. Бош убактымда кыздарым менен болом", - деген.

Белгилей кетсек, ырчы 2008-жылы үн режиссёру Алексей Луговцовго турмушка чыгып, Александра аттуу кыздуу болушкан. Түгөйлөр 2011-жылы ажырашып кетишкен. Экинчи ирет жеке ишкер Антон Петровго турмушка чыгып, Мария деген кыздуу болушкан. Бирок ырчы экинчи жолдошу менен дагы турмушу жакшы болбой ажырашып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.07.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күйөгө тийсе эле жакшы болуп кетет
04.07.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мейли да бул ырдайбы дагы деле? Мен мурууунку 1 2 ле ырын билет экенмин
04.07.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жагат сулуу
04.07.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Meni_unut, бойдок экен ойлонуп көр
04.07.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
keba300989,)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: