super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: "Мыкты жигиттер" тасмасынан кийин кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан түштүк кореялык актёр Ким Бом 29 жашка толду

 

Бүгүн, 7-июлда белгилүү түштүк кореялык актёр Ким Сан Бом 29 жашка толду. Ал "Турмушка чыккысы келген айым", "Түш", "Бейиштен Чыгышка карай", "Олуттуу айымдар" жана башка тасмаларга тартылган.2006-жылы KBS каналы тарабынан уюштурулган “Survival Star Audition” аттуу жаш актёрлордун сынагына катышып, 17 жаштагы Ким Бом миң катышуучунун ичинен алдыңкы ондукка илине алган. Алгачкы жолу актёр "Кыжырды келтирген аялдар" сериалында өзүн сынап көргөн. Андан кийин биринин артынан экинчи сунуш түшүп, тасмаларда роль жаратып, атактуулукту 2009-жылы чыккан "Мыкты жигиттер" тасмасынан алган. Актёр мындан сырткары "Турмушка чыккысы келген айым", "Бул кышта шамал согот", "Бейиштен чыгышка карай", "От Кудайы Чжон И" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Жеке жашоосу

Маалыматтарга караганда, Ким Бом экранда эле эмес, чыныгы жашоосунда да кыз жандуу. Ал 18 жашка чейин 6 кыз менен сүйлөшкөн.

"Жүрөгүмдү багындыра ала турган айым сөзсүз түрдө менден улуу болушу керек. Анткени алар менен тил табышуу мага жеңил" деген Ким Бом маектеринде.
 Актриса Ким Со Ён менен17 жашында өзүнөн 2 жаш улуу айым менен мамиле түзүп көргөн. "Мыкты жигиттер" тасмасындагы Чан Динин курбусу Га Ылдын ролун аткарган актриса Ким Со Ён менен чыныгы жашоодо да кыз-жигит болгон.Мун Гын Ён мененКим Бом 2013-жылы "Күз жомогу" тасмасы аркылуу белгилүү болгон актриса Мун Гын Ён менен сүйүү мамилеси бар деп жазып чыгышкан.

Жадакалса сүйүшкөндөр Европа өлкөлөрүн кыдырып, саякатка чыгышкан. Бирок түгөйлөрдүн сүйүү романы 7 айга гана созулган.

7-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
07.07.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
инстаграммдагы аккаунтун бергилечи куттуктап коёюн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: