super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-ИЮЛЬ: Орусиялык ырчы жана актриса Жанна Фриске көзү тирүү болгондо 44 жашка толмок

 

Белгилүү орусиялык ырчы жана актриса Жанна Фриске көзү тирүү болгондо 44 жашка толмок. Ал 1974-жылы 8-июлда Москвада төрөлгөн. Ата-энеси Жаннанын сулуу, ийилчээк, келишимдүү болушун кыялданып балет, спорт бийи, акробатика, көркөм гимнастика ийримдерине катыштырган. Мектеп жылдары артта калып, кесип тандоого келгенде Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырган. Бала кезинен өздөштүргөн өнөрү керекке жарап, ошол эле учурда хореограф болуп да эмгектенген. Фриске деген фамилия анын немис улутундагы чоң энесинен калган.

Ырчы 1996-жылдан 2003-жылга чейин “Блестящие” тобунда ырдап, андан кийин жеке ырчы катары таанылган. 2004-жылдан тартып кино айдыңына аралашып, актрисалык карьерасын түптөөгө бел байлайт. Анын элеси "Түнкү күзөт" ("Ночной дозор"), "Күндүзгү күзөт" ("Дневной дозор"), "Одноклассники.ru" өңдүү бир нече тасмада түбөлүк сакталып калган.

жолдошу Дмитрий Шепелев менен2013-жылы 7-апрелде Жанна Фриске өзүнөн 9 жаш кичүү телеалпаруучу Дмитрий Шепелев экөө уулдуу болуп, атын Платон коюшкан. Бул күндөрдү жашоосундагы эң бактылуу көз ирмемдердин бири деп эсептеген Жаннанын: "Аял дайыма бирөөнүн сүйүктүүсү болушу керек. Эгер аны эч ким сүйбөсө ал тирүү жан эмес", - деп айтканы бар.

2015-жылы 16-июнга караган түнү Жанна Фриске көпкө созулган оорудан улам 40 жашында каза болгон. Ырчы бир жылдан ашык убакыттан бери мээдеги рак оорусу менен күрөшүп келген.

8-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.07.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аябай жакчы эле харизмасы менен! Эмдигиче эстеп калам бул айымды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: