Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы коррупция боюнча айыпталып 10 жылга кесилди
Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шариф коррупция боюнча айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Шариф оффшордук фирма аркылуу Лондон шаарынан 4 батир сатып алганы аныкталган. Ошондой эле мурдагы өкмөт башчы менен кошо анын кызы Марьям жана күйөө баласы Сафдар Аван да күнөөлөнүүдө. Марьям 7 жылга эркинен ажыратылса, күйөө баласы 1 жылга кесилген.
Сот Шарифти сыртынан кескен, ал учурда үй-бүлөсү менен Лондон шаарында жашайт. Ал өзүнө козголгон иште саясий өңүт бар экенин белгилеген.
Мурдагы өкмөт башчыга карай иш 2016-жылы ММКга "Панама архиви" аталышындагы маалымат чыккандан кийин козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.