super.kg logo

Канадалык ырчы Жастин Бибер модель, алып баруучу Хэйли Болдуинге үйлөнөрү айтылууда

 

Канадалык ырчы Жастин Бибер модель жана алып баруучу Хэйли Болдуинге үйлөнөрү айтылууда. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, ырчы Багам аралында эс алып жүргөндө сүйүктүүсүнө шакек тагып, анын колун сураган. Хэйли Болдуин макулдугун берген. Ал эми Жастин Бибердин атасы социалдык тармактагы жеке баракчасына уулунун сүрөтүн жүктөп, "Сыймыктануу - бул кичирейтип көрсөтүү. Кийинки бөлүмүн күтөбүз" деп жазса, апасы "сүйүү, сүйүү, сүйүү" деген билдирүү калтырган. Мындан улам жергиликтүү маалымат каражаттары жакында той болорун жазып чыккан. Азырынча түгөйлөр бул боюнча билдирүү тарата элек.

Түгөйлөр 2015-жылы мамиле куруп, бир жылдан кийин эки башка жолго түшкөн. Жастин Бибер менен Хэйли Болдуин ушул жылдын июнь айында кайрадан табышкан.

Эске салсак, Жастин Бибер 2011-2015-жылдар аралыгында ырчы Селена Гомес менен кыз-жигит болуп, эки башка жолго түшүшкөн соң бири-бири тууралуу ар түрдүү терс пикирлерди айтып жүрүшкөн. 2017-жылдын январь айынан тарта Селена Гомес рэпер The Weeknd менен мамиле куруп баштаганын ачыктаган. Алардын мамилеси узакка созулган эмес.

Маалымат үчүн: Хэйли Болдуин бир тууган актёрлор Болдуиндердин кичүүсү Стивен Болдуиндин жалгыз кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
09.07.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Селена экоо пара болчу
09.07.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне болсо ошол болбойбу бизге не кызыгы бар...
09.07.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kunbeken, Ар туркун маалымат жазышат да. Бир кыл кете берсе кызыксыз болуп кетет да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-10 11:30:21
09.07.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
селена гомез сулуу хэйлиге караганда
09.07.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хейли жакпайт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: