super.kg logo

Румыниянын прокурору Лаура Ковеши кызматынан бошотулду. Кыргыздын депутаттары аны Айга, Күнгө теңешкен

 

Румыниянын президенти Клаус Иоганнис Коррупцияга каршы улуттук башкармалыгынын башкы прокурору Лаура Ковешини кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, 30-июнда өлкөнүн Конституциялык соту өзүнүн чечими менен президентти аталган буйрукка кол коюуга милдеттендирген. Өлкө башчы Конституциялык соттун чечимине баш ийгенин "Конституцияны жана мыйзамды сыйлайм" деп түшүндүрдү.

Айта кетсек, Лаура Ковеши жетектеген башкармалык кыска убакыттын ичинде эле министрлер, депутаттар, отуздан ашуун мэр, жүздөгөн сот, прокурорлор, мамлекеттик компаниянын жетекчилери, бажы жана полиция кызматкерлери фигурант болгон миңдеген кылмыш иштерин козгогон. 4 жыл аралыгында 1 миң 500дөн ашуун кылмыш ишин сотко жеткирген. Коррупцияга айыпталгандардын дээрлик 90 пайызы кармалып, соттолуп, кийин мүлкү мамлекеттин эсебине чегерилген. Бир эле 2016-жылы конфискацияга алынган каражаттын жалпы көлөмү 670 миллион еврого чамалаган. Коррупцияга каршы жарыяланган күрөштүн жыйынтыгында өлкөнүн ИДП көрсөткүчү 5 пайызга өскөн.

Мындан улам быйыл апрель айында Жогорку Кеңеште башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралып жатканда депутаттар Жыргалбек Турускулов, Жанар Акаев Жамшитовго Румыниянын башкы прокурорунан үлгү алууну сунушташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
09.07.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Айга кунго деле тенешпетирго эч ким деле. Зачем ушундай создун,супер???
09.07.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир киши бир олконун ИДП 5 пайызга которсо бул деген ото жакшы корсоткуч кана бизде да карупсия менен кармалгандарды ушинтип токтурсо бизде болсо кармалат кайра эле эч нерсе болбогондой чыга келет.Менин оюмча муну да бироо коро албагандар тушурдуго.
09.07.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы иштесе да жаман жаман иштесе да жаман экенда!Бирок биздикилер торпоктор жеп чычар уурулар топтолуп алышкан бийликте!
09.07.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Супер айга кунго тенешкен деп. Айтаарынарга тушунуш кыйынго. Жакшы иштеген экенго. Неге озунорчо эле мурдунарды чуйрутосунорго. Абысын абысынын коро албагандай болуп
09.07.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунорго омур баянынан бери жазып чыккан . Анан депутаттар туура эле айткан экен жакшы иштептир айга кунго тенелип.
10.07.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nursbaike,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.07.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,жакшы иштептир туурабы туура. Калса бар коррупционер келесоо алды жумуштан эмнеге кыргыздын депуттаттары айга кунго тенеген тиги бул деп?
10.07.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны кыргыздын депутаттары айга кунго тенеген деп хаха эл мн кадырынар бийик а силер жумушунарды даже озунордонда олкодон да бийик коро тургандайсынар. Депутаттар факт мн эки ооз соз айтты. Ызы чуу кылып жайылткан озунор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: