super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-ИЮЛЬ: Орусиянын Эл артисти, комедия жанрындагы актёр, телеалпаруучу Юрий Стоянов 61 жашка толду

 

Орусиялык комедия жанрындагы актёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Юрий Стоянов 61 жашка чыкты. Ал 1957-жылы 10-июлда Одессадагы Бородино кыштагында туулган. Үй-бүлөсүндө актёрлук кесипке жакын адамдар жок болгонуна карабастан, Юрий Стоянов актёрлук чеберчилигин 2-классынан баштаган. 1978-жылы Мамлекеттик Театр жана Сахна институтун бүтүргөн.Актёрдун жаш кезиЮрий Стоянов кинодогу жөндөмүн алгач "Анекдоттор" деген аталыштагы кинокартинага тартылуу менен көрсөтө алган. Театрда иштеп жүргөн кезинде 1989-жылы болочоктогу кесиптеши Илья Олейников менен таанышкан.1990-жылдан тарта Юрий Стоянов теле жаатына аралашып, 1993-жылы Илья Олейников менен бирге "Шаарча" телекөрсөтүүсүн ачып, ошондон баштап берүүнүн режиссёру, актёру, сценарий жазуучусу, монтажёру, айдоочусу, тартуу тобунун бир эле учурда периштеси жана эң терс каарманы болуп эмгектенип келген.Актёр кесиптеши Илья Олейников менен

2012-жылы Илья Олейников дүйнөдөн кайтып, Юрий Стоянов "Шаарча" телекөрсөтүүсүн токтоткон.

Жеке жашоосу

Учурдагы жубайы Елена Стоянова менен

Актёр 1978-жылы Ольга Стояновага үйлөнүп, 1983-жылы эки ажырым жолго түшүшкөн. Андан Николай жана Алексей аттуу уулдары бар. Учурда экөө тең тележурналисттер. Экинчи жубайы Мария Стоянова менен 1983-жылдан 1995-жылга чейин жашап, кийин Елена Стоянова аттуу айым менен баш кошкон. Андан Яна, Екатерина деген кыздары бар.

10-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: