Тик учак кырсыгынан жабыркаган япониялык жарандын абалы оор
Түштүк Эңилчекке кулаган тик учактан жабыркаган япониялык жарандын абалы оор. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын SUPER.KG'ге 10-июлда билдиришинче, чет өлкөлүк жаранга операция жасалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми жеңил жаракат алган эки жаран үйүнө чыгарылганы кабарланды.
"Кырсыкка кабылгандардын ичинен үч адам 9-июлда Бишкектеги №4-ооруканага кайрылган. Экөө дарыгерлердин кароосунан кийин үй шартында дарыланууга чыгарылып, япониялык бир жаран ооруканада калды. Ага операция жасалып, жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы оор", - деди Айгерчинова.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы 9-июль күнү эртең менен Хан-Теңири чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшүп, ичинде отурган төрт адам жаракат алган. Үчөө аскер кызматкерлери болсо, бирөө котормочу болгон. Алар Хан-Теңири чокусундагы чет өлкөлүк альпинисттерге тамак-аш, дары каражаттарын жеткирүүгө бара жатышкан.
Андан кийин аларды куткарып келүү үчүн дагы бир учак жиберилип, жалпы 6 адамды Бишкекке алынып келип дарыгерлерге өткөрүлүп берилген.
кошулду
Түштүк Эңилчекке кулаган тик учактан жабыркаган япониялык жарандын абалы оор





1 |