super.kg logo

Тоңгон кирпиктери менен белгилүү болгон якутиялык кыз кайрадан көңүл чордонунда

 

Өзүнүн тоңгон кирпиктери менен интернет мейкиндигинде популярдуулукка жеткен якутиялык Анастасия Груздева кайрадан интернет колдонуучулардын көңүл чордонунда.

Бул ирет Груздева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бетине чиркейлер конуп турган сүрөтүн жарыялаган. Ал сүрөтүн жүктөп "бул сүрөттүн демөөрчүлөрү бир букет гүл жана чиркейлерге каршы каражаттын жоктугу. Бир саамга токтоп, сүрөткө түшүп же гүл тергиң келеби? Анда чиркейлерди бекер тамактандыр" деген билдирүү менен коштогон.

Груздеванын бул сүрөтүн интернет колдонуучулар кызуу талкууга алышып, ар кандай ойлорун билдиришкен. Бири бул жөн гана өзүнө көңүл бурдуруу экенин айтса, экинчиси анын ушунча чиркейди кондуруп алып чыдап турганына таң берген.

"Сүрөт талаада гүл терип жүргөнүмдө тартылган. Биз күтүүсүздөн талаага чыгып кеткендиктен эч ким өзү менен кошо чиркейлерге каршы каражатты алган эмес. Мен болгону бир нече секунд турсам чиркейлер конуп алды. Бул сүрөттү жүктөп жатканда эч кандай пиар тууралуу ойлонгон эмесмин. Ал эми кышында тартылган сүрөт менен салыштырууну курбу кызым жүктөп коюптур", - деп билдирген Груздева.

Ошондой эле Груздева чиркейлер аны көп деле чакпаганын, бирок мындай абалда көпкө туруу мүмкүн болбогонун кошумчалаган.

Айта кетсек, Орусиянын Якутск шаарынын 24 жаштагы тургуну Анастасия Груздеванын кыш мезгилиндеги социалдык тармактардын бирине жүктөгөн сүрөтү тез арада популярдуулукка ээ болуп, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
10.07.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай чыдамкай кыз экен
10.07.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинкиде не менен тушоор экен
10.07.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тонгон кирпиктери жакты
10.07.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Психологическая больная
11.07.2018. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клопко окшощ го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: