super.kg logo

Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын каржы министри кылып өзүнүн күйөө баласын дайындады

 

Режеп Тайип Эрдоган Түркиянын каржы министри кылып өзүнүн күйөө баласын дайындады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Түркиянын кайра шайланган өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган өкмөттүн жаңы курамын бекитти. Анда каржы министри кызматын президенттин күйөө баласы Берат Албайрак ээледи.

Берат Албайрак буга чейин энергетика жана жаратылыш ресурстар министрлигин жетектеп келген. Жалпысынан өкмөттүн жаңы курамына 16 министр кирген. Биринчи вице-президент болуп мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдын кеңешчиси Фуат Октай дайындалды.

Түркиянын Баш мыйзамына кирген өзгөрүүлөргө ылайык, өлкөдө премьер-министр кызматы жоюлду, ал эми өкмөттүн башында президент өзү турат.

Айта кетсек, 24-июнда Түркияда мөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, анда Режеп Тайип Эрдоган добуштардын 52,5 пайызына ээ болуп жеңип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
10.07.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага бийликтеги тууганчылык, жердешчилик, трайбализм деген эмне.
11.07.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизин президентибиз куйоо баласы Абжалиевди каржы министри кылып дайындаганда элден мурда жан-жокорлору эле атырылып чыгышмак ПРЕЗИДЕНТ КЕТСИН! деп. Балким Эрдогандын куйоо баласы профессионал,татыктуу адамдыр, башы жок иш билбеген келесоо-коррупционерди койгондон коро ишбилги куйоо баласын койгондун эмнеси жаман. Куйоо бала да атамды уят кылбайын деп таза иштейт да.Бирок Нурсултан Назарбаевди куйоо балдарды жакшыле уят кылышты. Ишенич жок казак-кыргыз куйоо балдарга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: