super.kg logo

"Супер хитке" Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын "Курбум" чыгармасы кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" чыгармасы кошулду.

"Достук адамдын жаш курагы менен эсептелбейт. Менин өзүмдөн улуу, кичүү курбуларым бар. Алардын бири - Юлия Руцкая. Достугубузду даңазалаган дуэт аткаралы деп курбума сунуш киргизип, ушул чыгарманы аткарып чыктык. Ал эми клип борбордон тартылды. Биздин бала чагыбызды чагылдырган кыздарды көпчүлүк күйөрмандар Юлия Руцкая менен менин кызым деп айтышат экен. Бирок кыздарды кастинг аркылуу тапканбыз", - дейт ырчы Самара Каримова.

4-ИЮЛДАН 11-ИЮЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Курал Чокоевдин "Эмне кылайын?" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орунду - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби камсыздаган.

8-орун - Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасына буюрган.

7-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясына буюрган.

6-орунду - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы ээлеген.

5-орунда - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы жайгашкан.

4-орунду - Нурлан Насиптин "Мектебим" видеокомпозициясы ээлеген.

3-орунду - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" камсыздаган.

2-орунда - Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" чыгармасы жайгашкан.

1-орун - Мурунку аптада тизмеге жаңыдан кошулган Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
11.07.2018. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оххоо аябай басса белгилеп жазыпсынарго "Кыргыз республикасынын эмгек синирген"деп. Ошончо эмгек синирип эмне кызмат кылды маданият тармагына? Юляныго эми макул башка улуттун өкүлү, а Самара эмгек синирип эмне иш кылды? Маданият тармагынын ашмалтайы чыкканы баркы кеткени мына ушудан бил той көчө ырчылары атак данк алып,канча жылдап кызматкылып эл алдында мээнет кылгандар жөн эле жүрүшөт. Мүмкүн аранарда Самаранын ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-11 19:26:46
11.07.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ю.Руцкая чет жактарга чыгып фестивалдарга катышып келген.Каримоваңар той аштан бошобойт чынын айтсам элге концерт койсоң пайда тушпойт дебеди беле?! ХХХХХХХХХХ Бирөөлөрдүн ырларын эптеп ырдай албайт анан кантип ошондой наамды алып журот?!Мага баарибир бирок кандай гана таланттуулар алды дуйнө салып кетти ошолор эмгек сиңирген а бирок андай наамды алышпады алар баш тартышып да койушмак!Уят эле чындык каякта?!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-11 19:29:16
11.07.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакында жонокой ырчы калбайт окшойт,баары эле эмгекти синире беришип
12.07.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самаштын А[moderated] атасына кошомат кылгандар наамды берип коюшканын туюп эле жатабызго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: