super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-ИЮЛЬ: Америкалык рэпер, "Black Eyed Peas" тобунун ырчысы Taboo 43 жашка толду

 
"Black Eyed Peas" тобу

Америкалык рэпер, "Black Eyed Peas" тобунун ырчысы Taboo 43 жашка толду. Ал 1975-жылы 14-июлда АКШнын Калифорния штатында төрөлүп, Лос-Анжелес шаарында чоңойгон. Анын канында мексика жана индеец (шошон уруусу) улуттары бар.

Ырчынын өз аты-жөнү - Жейм Луис Гомес. Ал брейк-данс бий түрү боюнча атайын окуп билим алган. Белгилүү бийчилердин катарына кошулган соң аны "Atban Klann" тобунун мүчөсү Уильям Адамс (Will.i.am) байкап, "Black Eyed Peas" тобуна чакырган. Taboo аталган топто көбүнчө испан тилиндеги ырларды аткарат.

Жейм­ 16 жашында Розлинн Кобарубиас аттуу кызга үйлөнүп, андан Жошуа аттуу уулу бар. Уулу азыр 25 жашта. Бирок Розлинн экөө көп өтпөй эле ажырашып кетишкен. Ажырашууга Жеймдин такыр үйгө турбаган гастролдору себеп болгон деп айтылат. Андан соң Жейм Ксюша Кондитерова аттуу орус сүрөтчү кыз менен жолугуп жүргөн. Ал тургай Жейм анын колун сурап, ага шакек салган. Ал экөөнүн ортосунда 6 жана 8 жаштагы 2 уулу бар. Ырчынын алсыз жагы спирт ичимдиктерин жана тамекини көп колдонгонунда. Жеймдин лакап аты – Taboo. Бизче которгондо “тыюу салынган” дегенди билдирет.

14-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.07.2018. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу индеецби деп ойлочумун. Корсо чын эле канында бар турбайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: