super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-ИЮЛЬ: "Москвада болгондуктан бул жылы туулган күнүмдү үй-бүлөм менен өткөрө албай калдым" дейт "Кеңеш" тобунун ырчысы Гүлмира Шарипова

 

Бүгүн кыргыз элине шаңдуу ырларын тартуулап, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан "Кеңеш" тобунун назик үндүү ырчысы Гүлмира Шарипова 34 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыгып, бүгүнкү маанайы менен бөлүштү.

"Туулган күнүм эң сонун маанайда өтүп жатат. Бул күн биздин үй-бүлө үчүн өзгөчө дата, кош майрам. Анткени туулган күнүм менен биргеликте Мүзүр экөөбүздүн баш кошкунубузга 16 жыл толду. Бүгүнкү күндү үй-бүлөм менен өткөргүм келип жаткан. Бирок жеке иштериме байланыштуу Москва шаарында жүргөндүктөн бул жылы туулган күнүмдү үй-бүлөм менен бирге өткөрө албай калдым. Ошол себептен бүгүн кечинде курбуларым менен биргеликте белгилейм деп турам. Негизи туулган күндү деле атайын белгилебейм, мен үчүн ар бир аткан таң туулган күн", - дейт ырчы.

Гүлмира Шарипова - "Кеңеш тобунун" жетекчиси Мүзүр Мамбетовдун жубайы. Ал 1984-жылы 16-июлда Токтогул шаарында туулган. 16 жылдан бери турмуштун ысык-суугуна бирге чыдап, бири-бирине эриш-аркак болуп жашап келе жатышкан таланттуу жубайлар 1 уул, 1 кызды тарбиялап келет.

SUPER.KG порталынын Түз эфирине жана "Супер-Инфого" берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Кичинекейимде өтө ыйлаак кыз болуптурмун. Апамдар менден бир аз эс алып алалы деп чоң ата, чоң энемдин колуна таштап кетишчү. Апамдар келсе эптеп эле кетиштин айласын кылып, "мени алып кеткиле. Булар мага уй саадырат, үй жыйнатат, кир жуудурат, жадакалса отун да жардырат. Бул кемпир-чал сасык, жуунушпайт, биттер оозуна кирип кетип баратканын көрдүм" деп жалганды эле айта берчү экенмин".
  • "Мүзүр күлүп-жайнап эле жүрө берет. Менин үйүмдүн эрке күйөө баласы, кайната-кайнене дегенди билбейт, өзүнүкүндөй көрүп эле апама "мага бул тамакты жасап бериңизчи" деп эркелей берет. Кээде апам атайын келип Мүзүргө тамак жасап берип кетет".
  • "Уруш-талаштан адамдын көңүлү калат экен. Чынын айтканда ушул нерсе ортобузду алыстатып жибергендей сезилет. Үйдө уруш чыкканда Мүзүр акырында келип “эмнеге ошол кызга ишенип, мага ишенбейсиң?” деп ыйлачу. Ал кыз бизди уруштурганы менен тартып ала алган жок, жолдошум жанымда отурат. Бузганга жараша алып кетиш керек. Бир жолу Мүзүр телефон аркылуу урушуп жаткан экен. Телефонду колунан тартып алып сүйлөшөйүн десем ал “Гүлмира, телефонду Мүзүргө берчи” деп өчүрбөдүбү. Ошондо эч нерсе дей албай жүрөгүм жаман болуп туруп калдым. Ошончолук эле Мүзүр керек болсо, келип алып кетсин дегим келет".

16-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
16.07.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакпайт ушул келин, аябай заар, инстада ар бир коментчи мн урушуп журо беретго, күйөөсүн эле кызганып жүрө берет
16.07.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келчи келчи деген ырын жуктоп койунуздарчы
17.07.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
n.zhanikulov, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
17.07.2018. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келип алып кетпейби дегени эмнеси ал буюм беле?? куйоосу менен жашабай Москвага кетип калган дешти эле былтыр эле.. Ортолору сууп калгандай го..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: