super.kg logo

Күйүп кеткен үйүнөн нике шакегин таап алган жаран кайрадан жубайынын колун сурады

 

Күйүп кеткен үйүнөн нике шакегин таап алган жаран кайрадан жубайынын колун сурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түштүк Калифорнияда орун алган токой өртүнүн кесепетинен Лора жана Ишу Раонун үйү күйүп кеткен. Тилсиз жоонун айынан 8 ай мурун үйлөнгөн жаш жубайлардын үйүнөн күлдөн башка эч нерсе калган эмес.

Жаш жубайларга үйүнөн айрылуу оор болгон. Күйүп кеткен үйүнүн ордуна келген кезде Лора өрт болгон түнү колунан чечкен нике шакеги тууралуу эстеген.

"Уктаар алдында колумдагы нике шакегимди чечип жуунуучу бөлмөгө коюп койгом. Бир нече мүнөттөн соң өрт башталып кетти. Аз убакыттын ичинде керектүү документтерди алып үйдөн чыгып кеткенбиз. Ал түнү шакек тууралуу деле эстеген эмесмин", - деп эскерген Лора.

Күйүп кеткен үйдүн калдыктарынын арасынан Лоранын күйөөсү анын бир аз ийрейип калган шакегин таап алган. Артта калган жаман кундөрдү унутуп, кайрадан жаңы жашоо баштоо максатында Ишу тизелеп туруп кайрадан жубайынын колун сураган.

"Менин жубайым - дүйнөдөгү эң сулуу айым. Мен анын жүзүнөн жылмаюу кетпеши үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм", - деп билдирген Ишу.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(7)
16.07.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аябай сонун предложение болуптур. Куйоосу акылдуу экен,суйуусун чыныгы суйуу экен. Суктанып койдум. Уй табылат,суйгон инсанын болсо табылбайт.
16.07.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Денем дуркуроп кетти....
Кана эми ар бир адам жубайын ушинтип ардактаса!
Уйу куйсо да жубайынын конулун алып жатат азамат!!
16.07.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
биздикилер болсо ошол туну сен уйдо экенсин, сен орттодун уйду ХХХХХХ деп чыгышмак
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-17 12:19:43
16.07.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Уй орттонгончо сен орттонбойсунбу деп эле айтышат биздикилер. Бир кун ооруп калсан оорукчан аял алып алган окшойм деп канча болушат биздикилер.
16.07.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элдер кыйын ушундай
17.07.2018. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бизде акыркы кундору адам заты бири бирибизди сыйлабай калдык .Бул биздин улут учун ото окунучтуу корунуш. Уйу орттонуп жатса да аялынын конулун которуп позитив тартуулап жатат .Себеби бул дуйного бир эле жаралабыз сыйлашалы сырдашалы. Анан болбогон эки жуз сом учун кулгун жаш курактар кыйылып кетип жатат. Канырыкты тутотуп .Айланайын кыргызым беш кунчолук жашоодо сыйлашып отолучу.
17.07.2018. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кээ бир адамдар ар кандай нерсеге ишенишет да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: