Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен изделип жаткан адамдын фотороботу түзүлдү
Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен изделип жаткан адамдын фотороботу түзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жыпара Исабекова 17-июлда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта судмедэкспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ошол себептен кыздын зордукталаганын же зордукталбаганын так айтуу мүмкүн эмес.
"Азыркы тапта 10 жашар кызды зордуктаган адамдын фотороботу түзүлүп бардык милиция бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү. Азыркы тапта ал изделип жатат", - деп билдирди Исабекова.
Айта кетсек, Сокулукта 10 жаштагы өспүрүм кыз белгисиз адам тарабынан зордукталды. Милициянын маалыматына ылайык, окуя 10-июлда Сокулуктун борбордук базарында саат 14:00дөр чамасында болгон.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Саламатсызбы! ЭЛДИК КАБАР: "Атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалыматты окуп алып ыйлагым келип отурат" дейт окурман https://www.super.kg/kabar/news/238433/
Темадан алыс билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!