Жалал-Абад ОИИБи: "Ноокендеги 4 жашар кыз зордукталбаганы жана ага карата эч кандай ыплас иш-аракеттер болбогону аныкталды"
Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында атасы тарабынан зордукталган делип жаткан 4 жашар кыз зордукталбаганы жана ага карата эч кандай ыплас иш-аракеттер болбогону аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы билдирди.
"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча 2014-жылы туулган Ы.кызы.А. зордукталбаганы жана ага карата эч кандай ыплас иш-аракеттер көрүлбөгөнү аныкталды. Соттук-медициналык экспертиза 4 жаштагы кыздын денесинде эч кандай жаракат жок экендигин жана кыздык белгиси бузулбагандыгын, ошондой эле көтөн чучугунда да жаракат жок экенин аныктаган. Азыркы тапта бул маалыматты билдирген З.Ш.нын үстүнөн жалган маалымат таратты деп түшкөн арыздын негизинде териштирүү иштери башталды", - дейт маалымат кызматы.
Айта кетсек, буга чейин окурман "Соңку кабар" бөлүмүнүн "Элдик кабар" рубрикасына "Атасы 4 жашар кызын зордуктаганы тууралуу маалыматты окуп алып ыйлагым келип отурат" деген билдирүүсүн жөнөткөн. Анда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №28-мектептин социалдык педагогу аялы каза болуп калган өзбек улутундагы кошунасы өзүнүн 4 жашар кызын зордуктады деп шектенип жатканын билдирген.
кошулду


1-вариант:денеси соо эмес,бирок тиги уй-було милицияга акча беришип оозун жабышкан,соо деп справка жаздыртып алышкан.
2-вариант:денеси соо,атасы ыплас иштерди белгисине жана котон чучугуна тийбестен башка жолдор менен жасап максатына жетип жургон.Ошон учун далил жок.
3-вариант:арыз берген мугалим эже менен кошунасынын мамилеси абдан начар,башка кошуналардын ушагын колдонуп подстава кылып жатат.
Акыркы вариантка коп ишенбейм