super.kg logo

Ноокатта 22 жаштагы кызды апасы менен агасы никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн

 

Ош облусунун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды апасы менен агасы никесиз төрөгөнү үчүн өлтүргөн. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, маркумдун жансыз денеси Ноокаттагы суу сактагычтан табылган.

"22 жаштагы кыздын жансыз денеси суунун бетине калкып чыгып калганын көргөн күбөлөр укук коргоо органдарына билдиришкен. Жерине облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери барып, кыздын жансыз денесин алып чыгышканда анын буттары байланып, башы жарылган абалда болгон. Маркум суунун ичинде 20 күндөй калып калгандыктан, анын денеси суу бетине калкып чыгып калган. Тергөө иштерине ылайык, окуяга шектүү катары маркумдун 47 жаштагы апасы жана 24 жаштагы агасы кармалган. Сурак учурунда 47 жаштагы аял кызын өлтүргөнүн моюнуна алган. Ал кызы турмушка чыкпай жатып никесиз көз жарып алгандыгы үчүн коркутуп коюу максатында бутун байлап, сууга агызганын айткан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми маркумдун апасы менен агасы убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - дейт басма сөз кызматы.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат. Басма сөз кызматынан билдиргендей, маркум 5 маал намаз окуп жүргөн. Анын апасы жергиликтүү мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(49)
17.07.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай тооба
17.07.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ноокаттын кайеринде экён
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: