super.kg logo

Чүй ОИИББи: "Бурулайдын өлүмүнө шектелген жигит аны ала качканын билет, бирок өлтүргөнү эсинде жок"

 

Бурулайдын өлүмүнө шектелген жигит күнөөсүн толугу менен моюнуна алган жок. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Жыпара Исабекова 17-июлда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, шектүү тергөөчүлөргө берген көрсөтмөсүндө кызды ала качканы гана эсинде бар экенин айтууда.

"Ал берген көрсөтмөсүндө кызды унаага олтургузуп ала качканын гана айтып жатат. Ал эми денесине оор залал келтирип өлтүргөнү эсинде жок. Ага атайын психиатриялык экспертиза жүргүзүлдү, акыл-эси ордунда экен", - деди Исабекова.

Жыпара Исабекова маалымат жыйынында SUPER.KG'нин берген суроолоруна жооп берип жатып кылмыш ишине катыштыгы бар деп шектүү баланын досу да кармалып камакка алынганын айтты.

Эске салсак, ушул жылдын 27-майында 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Милиция бөлүмүндө жигит кызды бычактап, андан кийин өзүнө да бир нече жолу бычак сайып жиберген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан.

Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(14)
17.07.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чырактай мөлтүрөгөн сулуу кыз эххх жаткан жериң жайлуу болсун. Күнөөкөрлөрдү Аллахым өзү жазаласын.
18.07.2018. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnyr19, жаткан жери жайлуу болсун! Чырактай молтурогон кыз болгону учун конул буруу коп болду, болбосо кыз алакачуу деп мындай эле четте калып кетмек олуп атса деле
mentol түзөттү 2018-07-18 04:08:06
17.07.2018. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бироонун алпештеп баккан чырактай кызын олтуруп алып,билмексен болот,айбан!.Ушинтсем жазадан оной кутулам деп ойлоп атса керек да.Пенденин,соттун жазасы эч нерсе эмес,Кудайдын жазасын тартып кал!!!
19.07.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asman.81,ошону айтсан эчтеке билбейм деп
17.07.2018. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Милициалар өздөрү күнөөлүү окшойт
17.07.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иииии шумшук да шумшук ууру тойгончо жеп олгончо карганат болбогучачы арамдар, мойнуна алып койда кылганын эгоистенип олтуруп салдын бироонун татына кызын, эми мойнуна алып чирип жжата берда турмодо. Олгондун оз шору дейт, кызга жалко, абдан жалка , олтуруп коюпта мойнуна алгысы келбей жатат какбаштын
17.07.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ала качканын билип,олтургонун билбей аткан болсо,анда,милициялар да аралашкан,если ОЗУ олтургон болгондо коркконунан мойнуна сразу эле алат болчу да,бул жерде милициялардын секрети бар.
17.07.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балакеттей эле эсинде да, анткорлонбо шумшук билбейм демиш болуп кутулуп кетеин деп атасынбы башынды жегир, бирок кан кутултбайт., кудай кутказбайт, ушуну бил шумшук, сенинда эже карындашыны олтуруп кетиши мумкун, жашоо бумеранг шакал
18.07.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир нерсеге тушунбойм, милициялар аралашты дешет, эмне себебтен милициялар кызды олтуруп коюшу мумкун?!
18.07.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элдер мен дагы ушундай деп ойлойм милицияларда кунооооо
18.07.2018. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин да аябай башым катат,милициялардын кандай кызыкчылыгы бар Бурулайды олтургонго деп,тиги балага да аябай уйротушконго ушундай корсотмо бересин,башка эч нерсе айтпайсын деп.Татаалдашып баратат,Алла Таалам колдоп,акыйкат иликтенип,ушул кылмышка аралашкандар баары жазаларын алышсын.Ата энеси, жакындары кан жутуп отурушат, акыйкаттык болсо экен.
18.07.2018. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
милициялар күнөөлүү
18.07.2018. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акыл эси жайында болсо не ала качат
18.07.2018. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тан калыштуу эмнеге жаш кыздар каза болсо бут олко угат ага себепкерлер табылбайт бул жерде милиция гана кунолуу кокурогуно Б+Н дер жазганга чейин маркумдан ун чыккандыр кыйналып атканда же бизде милицияда дулойлор иштейби???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: