super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу: Кыргыз балбандарынын атаандаштары белгилүү болду

 

Бүгүн, 18-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун 2-күнү өтөт. Бул күнү 5 салмак ченинде медалдар ойнотулуп, Кыргыз балбандар дагы килем үстүнө чыгышат. Балбандар 60, 67, 72, 82 жана 97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат.

Кыргыз Республикасынан килем үстүнө Таластан Канжарбек уулу, Калмурат Ибрагимов, Бексултан Назарбаев, Азат Салидинов жана Данияр Шеримбеков чыгышат.

Айта кетсек, мелдештин алгачкы күнүндө килем үстүнө 4 балбан чыгып, Элдияр Сатаров жана Темирлан Бектурдиев коло медалдарды тагынышты.

Кыргыз балбандарынын атаандаштары:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Таластан Канжарбек уулу - Азатжон Ачилов (Түркмөнстан);

67 килограммга чейинки салмак ченинде:

Калмурат Ибрагимов - Хамхан Занават (Таиланд);

72 килограммга чейинки салмак ченинде:

Бексултан Назарбаев - Жуэн Жонг (Түштүк Корея)

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

Азат Салидинов - Ким Инсеоб (Түштүк Корея)

97 килограммга чейинки салмак ченинде:

Данияр Шеримбеков - Тимурмирзо Мамажанов (Өзбекстан).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.07.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жигиттерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: