super.kg logo

"Супер хитке" Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" чыгармасы кошулду. "Бул чыгарманы 8 жыл мурун Ильяз Абдыразаков ырдап чыккан" дейт

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна ырчы Нияз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Келинчек" чыгармасы кошулду.

"Бул чыгарма мындан 8 жыл мурда жаралган. Ошондо биринчи болуп агам Ильяз Абдыразаков ырдап чыккан. Андан бери бул чыгарма унутулуп калгандай болду. Мындан улам кайрадан өзүм ырдап чыгууну чечтим. Ал эми клипти 4-5 сааттын ичинде борбордогу конок үйлөрдүн биринде тартканбыз", - дейт ырчы.

11-ИЮЛДАН 18-ИЮЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясына буюрган.

8-орунду - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби камсыздаган.

7-орунду - Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасы ээлеген.

6-орун - Нурлан Насиптин "Мектебим" видеокомпозициясы эки баскычка төмөндөгөн.

5-орунда - Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" чыгармасы жайгашкан.

4-орун - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасына буюрган.

3-орунда - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы жайгашкан.

2-орунду - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" ыры камсыздаган.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.07.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эдил Маматов Нурмат Садыровдун ыйлаба журок ыры жакшы чыккан негизи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: