"Forbes" журналы дүйнөдөгү эң кымбат спорттук клубду аныктады
"Forbes" журналы дүйнөдөгү эң кымбат 50 спорттук клубду аныктады. Ага ылайык, америкалык "Даллас Ковбойз" спорт клубу эң кымбат деп табылды. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, америкалык "Даллас Ковбойз" клубунун кирешеси 4 миллиард 8 миллион долларды түзөт. Клубдун кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 14 пайызга көбөйгөн. Муну менен аталган клуб эң кымбат деп үчүнчү ирет табылды.
Ал эми экинчи орунда англиялык "Манчестер Юнайтед" клубу жайгашкан. Клубдун кирешеси 4 миллиард1 миллион долларды түзөт. Үчүнчү орунду 4 миллиард 900 миң доллар кирешеси менен испаниялык "Реал Мадрид" клубу ээлеген. Андан кийинки саптан 4 миллиард 600 миң доллар кирешеси менен "Барселона" клубу орун алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2025-10-01
Рейтинг:
0

Реклама бул кирешенин бир бөлүгү. Ар бир оюнчунун футболка, кепка сыяктуу кийимин өздөрүнүн официалдуу дүкөндөрүнөн сатуудан түшөт. мисалы: Роналдунун Ювентус клубуна өткөнүнө байланыштуу, клуб 1 секунда 1 футболка сатууга жетишкен. Клуб маалыматы боюнча алар 1 000 000 даана сатууну көздөп атканын айткан. Бир футболка баасы 100-140 €. Д.б.у.с
Бир эле клубка жетпей дагы калат окшойт
Кыргызстан да атагы чыкмак