Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" фестивалы өтөт
Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн "Оймо" фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы өтөт. Фестивалдын алкагында жарманке уюштурулуп, ага 150дөн ашык кыргыз жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат.
"Фестивалдын негизги максаты кыргыз кол өнөрчүлөрүнө колдоо көрсөтүү болуп эсептелет. Иш-чаранын алкагында дизайнер, кол өнөрчү студенттердин арасында "Этно-Мода" сынагы, "Элечек" флешмобу жана "Эмен багы" галереясында автордук куурчактардын көргөзмөсү болот", - деп билдирди уюштуруучулар.
Фестиваль 26-июль күнү "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында өтөт. Ал эми 31-июлда Чолпон-Атада уланып, 5-августта жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.