super.kg logo
  Саясат  

ЖКда базардагы соода-сатык мамилелерин жөнгө салган мыйзам долбоору каралууда

 
Жогорку Кеңеште “КРдагы ички соода жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Аталган мыйзам долбоорунун автору - депутат Чыныбай Турсунбеков. "Соода-сатыкта соодагерлер менен аларга өз товарларын алып келген тараптын ортосунда талаш-тартыш маселелер көп. Аларды жөнгө салуу зарылчылыгынан улам бул демилге көтөрүлүп жатат. Бул мыйзам керектөө товарларын алып келүүдө жана сатууда мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ички соода-сатык тармагындагы мамилелерди жөнгө салат”,- дейт Турсунбеков. Ал эми депутат Дамира Ниязалиева Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына "Ата Мекен" партясынан талапкер Наталья Никитенко мыйзамдагы бул идеяны жарнамалык түрмөк үчүн пайдаланып жатканын айтып чыкты. "Эмне үчүн Никитенко бул идеяны пайдаланып жатат? Бул демилге КСДПга тиешелүү",- деди ал. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: