Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 44 өлкөнүн спортчулары катышат
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 44 өлкөнүн табыштамасы келди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, көчмөндөр оюндарына катышууга Австралия, Армения, Бангладеш, Казакстан, Грузия, Индия, Индонезия, Иран, Испания, Орусия, Монголия, АКШ, Польша, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн миңден ашуун спортчусу катышууга даяр экенин билдирген. Учурда катышуучуларды каттоо иштери уланууда, алар 31-июлда жыйынтыкталат.
Айта кетсек, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спортчулар 37 спорттун түрү менен ат салышып, анын бардык түрүндө мырзалар катышса, 16 түрүндө айымдар күч сынаша алат. Мелдешке ата мекендик жана чет өлкөлүк спортчулардын катышууга укугу бар. Катышуучулардын жаш курагы 18ден өйдө болушу керек. Спорттук делегат 223 кишиден ашпоого тийиш. Ошондой эле 2-сентябрь - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында спорттук делегат бирдей улуттук форма кийип чыгуусу шарт. Уюштуруу комитетинин макулдугу менен катышуучу өлкөлөр өздөрүнүн улуттук спорт түрлөрүн жана элдик оюндарын көрсөтсө болот.

Жээнбековдун коррупцияга баткан кошоматчылары ээми олкону тоноп башташат. Кезек Жээнбековдун кадралына келди.
а то мынча расход боло берсек казына пустой калбасын
Мен үчүн мактанаарлык оюн болгон экен. Эми болсо канча чыгым кеткенин билип жиним келет. жеп тоюшпайт экен жепжутарлар. Албек Ибраимов канчалаган гектар жерлерди алып коюптур. Ошого да тойбоптур . Эхх, ушуларды камап жоготсо экен.