super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу: Эрназар Акматалиев жана Кунай Нурдавлетов жарым финалга аттанды

 

Бүгүн, 21-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөшү боюнча мелдештер старт алды. Анда Азия өлкөлөрүнөн келген спортчулар 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмак чендеринде күч сынашууда.

Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Алмаз Сманбеков, Эрназар Акматалиев, Мансур Сыргак уулу, Атай Изабеков жана Кунай Нурдавлетов катышууда.

Мелдештин жүрүшүндө 65 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрназар Акматалиев жана 97 килограммга чейинки салмак чениндеги Кунай Нурдавлетов чейрек финалдык баскычта атаандаштарын жеңип, жарым финалга аттанышты.

Ал эми 57 килограммга чейинки салмак ченинде Алмаз Сманбеков, 70 килограммга чейинки салмак ченинде Мансур Сыргак уулу жана 79 килограммга чейинки салмак ченинде Атай Изабеков чейрек финалдык баскычта жеңилүү ызасын тартып калышты. Кыргыз балбандарды жеңип кеткен спортчулар финалга өтө алса, анда Алмаз Сманбеков, Мансур Сыргак уулу жана Атай Изабеков коло медалдар үчүн көңүл жубатуучу раундда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: