super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу: Алмаз Сманбеков жана Кунай Нурдавлетов коло байге үчүн күрөшөт

 

Бүгүн, 21-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөшү боюнча мелдештер старт алды. Анда Азия өлкөлөрүнөн келген спортчулар 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмак чендеринде күч сынашууда.

Анда Кыргыз балбандары Алмаз Сманбеков жана Кунай Нурдавлетов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Алмаз Сманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде япониялык Хюга Танигучини утуп алган. Чейрек финалдык беттеште Кыргыз балбаны өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен кез келип, тилекке каршы, жеңилип калды. Бирок өзбекстандык балбан финалга аттанып, Алмаз Сманбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анда Сманбеков кытайлык Ванху Зои менен беттешет.

97 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Кунай Нурдавлетов чейрек финалдык беттеште Түркмөнстан спортчусу Зиямухаммет Сапаров менен кездешип, анын үстүнөн 8:5 эсеби менен жеңишке жеткен. Жарым финалда Нурдавлетов казакстандык Серик Бакытхановдон утулуп калып, эми коло медаль үчүн күрөшөт. Анда Кунай Нурдавлетов өзбекстандык Умид Жураев менен беттешет.

Эске салсак, буга чейин 65 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Эрназар Акматалиев финалга өтүп эми алтын медаль үчүн япониялык Такума Танияма менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.07.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер мумкун болсо Валерий Кичин жонундо кабар алып берип койгулачы.бугун Енисей ЦСКА менен товарищеский матч откорду Кичин составта жок даже запаста да жок болду интернеттен Кичин жонундо вообще новости таппай койдум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: