super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз балбаны Калы Сулайманов Түркияда өткөн эл аралык мелдеште коло медалды тагынды

 

Кыргыз балбаны Калы Сулайманов Түркиянын Стамбул шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште коло медалдын ээси болду.

Калы Сулайманов 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште түркиялык Онур Аталайды жана чейрек финалда дагы бир түркиялык балбан Абдурахман Алтанды утуп алды. Жарым финалда Сулайманов, тилекке каршы, азербайжандык Тали Маммадовдон жеңилип калды. Бирок коло медаль үчүн күрөшүп, украиналык Дмитро Цумбалюктун үстүнөн жеңишке жеткенге үлгүрдү.

Муну менен Калы Сулайманов 3-орунда жайгашып, коло медалды тагынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.07.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец братишка .Сени менен сыймыктанабыз.
22.07.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалал абад Жерге талдык бала алга братан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: