super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн футбол боюнча жаштар арасындагы Кыргыз курама командасы Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде алгачкы беттешин өткөрөт

 
Бүгүн, 22-июлда футбол боюнча жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде алгачкы беттешин өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Аталган мелдеште 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышат. Анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашат. Мелдеш 22-30-июль аралыгында Ташкенттин 3 стадионунда өтөт.
Кыргыз курама командасы башкы машыктыруучу Нурлан Букуевдин алдында катышып, алгач Иран курамасы менен беттешет.
Айта кетсек, мелдешке чакырылган футболчулардын арасында Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы Орусия-Хорватия беттешине топ алып чыккан Ырыскелди Тыныбеков да бар.
Кыргыз курамасынын беттештеринин тизмеси:
  • 22-июль: Кыргыз Республикасы-Иран (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
  • 24-июль: Ооганстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
  • 26-июль: Өзбекстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
  • 28-июль: Кыргыз Республикасы-Тажикстан (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30);
  • 30-июль: Түркмөстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30).
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
  • Дарбазачылар: Курманбек Нурланбеков ("Дордой"), Роман Жаныбек уулу ("Академия");
  • Коргоочулар: Айтенир Балбаков, Бейкунт Бейшебай уулу, Артур Данияров ("Илбирс"), Талгатбек Бактыбеков ("Дордой"), Ибрахим Жетимишов ("Академия");
  • Жарым коргоочулар: Баймырза Алманбет уулу, Арсен Шаршенбеков, Баястан Боконов ("Дордой"), Ырыскелди Тыныбеков, Байбол Эрмеков, Алинур Зарылжанов ("Илбирс"), Алинур Булабаев (Фрунзе);
  • Чабуулчулар: Ааламбек Абылкасымов ("Абдыш-Ата"), Захриддин Абдилажонов, Кудурет Темирбеков ("Академия"), Атай Иличбек уулу ("Дордой").





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: