super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугу: Бекжан Камчыбеков жана Динисламбек Таалайбек уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты

 

Бүгүн, 22-июлда Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун жыйынтыктоочу күнү өтүүдө. Анда Азия өлкөлөрүнөн келген спортчулар эркин күрөшү боюнча 57, 65, 70, 79 жана 97 килограммга чейинки салмак чендеринде күч сынашууда.

Аталган мелдеште Кыргыз балбандары Бекжан Камчыбеков жана Динисламбек Таалайбек уулу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Бекжан Камчыбеков 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде эле индиялык Сачин Ратх менен беттешип жеңилип калды. Бирок индиялык балбан финалга аттанып, Камчыбековго көңүл жубатуучу раундда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анда Кыргыз балбаны таиланддык спортчуну утуп, эми коло медаль үчүн ирандык Али Бахтияр Савадакохи менен күрөшөт.

86 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Динисламбек Таалайбек уулу чейрек финалда түркмөнстандык Азат Гажиев менен күрөшүп утулуп калды. Түркмөн спортчунун финалга өткөнү Кыргыз балбанга коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берди. Анда Таалайбек уулу өзбекстандык Рустам Шодиев менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: