Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев каза болду
"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев бүгүн, 22-июлда каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Уланбек Эгизбаев саат 14:00 чамасында Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Көк-Жар айылында туулган.
2013-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.
2015-жылы Бишкек Гуманитардык университетинин Саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган.
2016-жылы дүйнөлүк Интернет-Оскар сыйлыгын алган.
2018-жылы публицист жана жазуучу Кален Сыдыкованын “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болгон.
"Азаттык" радиосунун Бишкектеги кабарчысы, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасы үчүн бир катар иликтөөлөрдү жасап келген.
Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.
SUPER.KG порталынын эмгек жааматы Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
кошулду


куноолорун алах кечирип бейишине алсын
Эр азаматтарыбыз ушинтип эле олуп калышабы я?
Кандай сыр жатат бул жерде?
Бурулайдын олумуно окшош, дача суудун кырсыгындагы сырга окшош, Музейдеги корупция, ТЭЦ теги корупция жана дагы биз билбеген миндеген корупция, олумдорго окшош сырлар ачылбай калабы? Жарым саат мурда Улан Эгизбаевга эки бош конверт келди деп жазып, артынан эле каза тапты колго чокту деп жазып жатасынар кандай тушунсо болот я?
Кылган кишилерге да ушундай олум болсун... жапжаш жигит, курч жигит, эр жигит, кыргыздын бычакка сап болор жигити....
кыргыз бири бирин бир сом учун олтуруп бутмойунчо жаны жай албайт го ..