super.kg logo

Америкалык "Billboard" журналы эң көп каражат тапкан дүйнөлүк музыканттарды аныктады

 

Америкалык "Billboard" журналы эң көп каражат тапкан дүйнөлүк музыканттарды аныктады. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.

Тизменин сап башында ирландиялык "U2" тобу жайгашкан. Аталган топ өткөн жылы 54 миллион 400 миң доллар тапкан. Бул сумманын 52 миллиону гастролдон түшкөн. Андан кийинки саптан бир жыл ичинде 52 миллион 200 миң доллар тапкан америкалык кантри ырчысы Гарт Брукс орун алган. Ал эми үчүнчү орунда 43 миллион 200 миң доллар тапкан "Metallica" тобу жайгашкан. Бирок бул топ ырларынын сатылышы боюнча алдыңкы орунду ээлеген.

Эң көп киреше тапкан 50 музыканттардын катарына ырчы, аткаруучу Бруно Марс (40 миллион 700 миң доллар), британиялык ырчы Эд Ширан (31 миллион 300 миң доллар), америкалык ырчы Леди Гага (29 миң 700 доллар), Билли Жоэл (29 миллион 200 миң доллар) жана башкалар кирген.

Ырчылардын көпчүлүгү кирешени гастролдон тапкан. Бирок гастролдук турнеге чыкпай эле музыкалык альбомун сатуудан эң көп киреше тапкандар дагы бар. Алар канадалык рэпер Дрейк (8 миллион 600 миң доллар) жана америкалык ырчы Тейлор Свифт (альбомун сатуудан 5 миллион доллар).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.07.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не болуптур,Саша эжем деле билеттерин зордоп откоруп болсо да концерттен эле таап коет мындай акчаларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: