Чыныбай Турсунбеков: "Акун" пансионатында 3 куткаруучу иштейт"
Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча пикирин билдирди.
"Акун" пансионатында негизинен 3 куткаруучу иштейт. Эрежеге ылайык, 2 куткаруучу көлдүн жээгинде турушат. Бири тамактанууга кеткенде экинчиси күзөттө турат. Ал эми журналист сууга чөккөн маалда куткаруучулардын кайда болгондугун видеобайкоодон карап, текшерип жатабыз. Видеокөзөмөлдөн көрүнгөндөй жанындагылар Уланбек Эгизбаевдин сууга чөгүп баратканын байкаган эмес. Көлдүн жээгинде отурган келинчеги деле көргөн эмес. Бул деген кырсык. Куткаруучулар ошол эле жерде болгон. Ошон үчүн барып, жүрөгүнүн кагышын текшерип, биринчи жардам көрсөтүп, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Уланбек Эгизбаев суунун терең жеринен чөккөн эмес, тескерисинче, ал сүзө албагандыгы үчүн тайыз жерден эле чөгүп кеткен. Ал жер сүрөткө тартып алынды. Терең делген жер эки пансионаттын кошулган жери. Куткаруучулар дал ошол жерде турушат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - дейт депутат Турсунбеков.
Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков буга чейин сууга чөккөндөр болгону менен, куткаруучулар аларды сактап калганын кошумчалады.
"Буга чейин сууга чөккөндөр болгон. Бирок куткаруучулар өз иштерин аткарып, аман алып калган. Ал эми Уланбек Эгизбаевдин киши колдуу болуп каза тапты дегенин тергөө далилдеши керек. Биз дагы тапшырма бердик, ошол жердеги окуяны көргөндөрдөн, уккандардан көрсөтмө алынып, видеобайкоо дагы тергөө кызматкерлерине өткөрүлдү", - дейт ал.
Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.
Белгилей кетсек, "Акун" пансионаты депутат Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова жетектеген "Акун" компаниясына карайт.
кошулду
Жаш Журналист Улан Эгизбаев калың журтту кайгыга салып кете берди


Кечооку маалыматта келинчеги пансионаттагы номеринде болгону айтылган. Башкасында номердин ачкычын кайтарып берип, келинчеги пансионаттын озундо болгону айтылды. Эми болсо келинчеги жээкте болгону айтылып жатат... Келинчеги жээкте болсо байкашы керек эле да... 3 куткаруучу бар дейт, куткаруучулардын бар экени да кумон жаратат.....
Колдун милициясы билдируу таратканын окудунарбы пирстен 20 метрден алысыраак жакта чабалактар атканын 10_14 жыштагы балдар коруптур.. сузгонду билбеген киши пирстен ары отмок тургай пирстин учуна да бара албайт.. анан бир чети 10_14 жаштагы ьалдар козолчом менен 20 метр экенин кантип билишет.. ???? Это уж слишком...