ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: "50 жашка чыкканча кандай ийгилик жаратып, канча адамды таарынттым" деп ойлонуп отурам" дейт 50 жашка толгон көп кырдуу таланттын ээси Мерген Турган
Мойтоӊдошуп, кучакташып бирге жүргөн.
Кызыл көйнөк жарашып келбетиӊе,
Эӊ биринчи чүрөк элеӊ чүрөктөрдөн.
Ак бантик тагып башыӊа..."



Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
- "Үнүм эч кимге жеткен жок. 35 жылдык эмгегиң тебеленсе жаман эле болот экенсиң. Өкмөт мага наам бермек түгүл, төшүмө төөнөгүч таккан жок. Мен эле эмес, бир топ улуу муундагы татыктуу адамдар наам албай жүрүшөт. Болгону мен өзүмдүн оюмду айттым. Балам менен тең балдар наам алып жатышат. Алар татыксыз деген жокмун, татыктуу, болгону эрте. Грамота, үй же унаа берсе болот. Эл артисти, Эмгек сиңирген артист деген наамдарды алууга жылдар керек да. Адилетсиз берилгени үчүн сыйлыктардын баркы да кетип калды окшойт. Мени, эң негизгиси, элим сүйөт, элим берген Эл артисти деген наамым бар, ошол мен үчүн чоң жеңиш".
- "Менин чачым Кыргыз Республикасынын баалуулугу деп тамашалап коём (күлүп). Бир ирет ыраматылык апам үйдө гезит окуп отурган. Бир маалда эле "Өлүгүңдү көрөйүндөр десе, асылгандары эле Аскар Акаев менен менин балам!" деп колундагы гезитти ыргытып жиберди. "Акаевдин чачы жок,Мерген Тургандын чачы узун" деп эле жаза беришет экен. Ай, алдырчы алдагы чачыңды!" деп мени урушту. Ошону угуп аябай күлгөм. Анын сыңарындай, менден да чачым популярдуу. Чачымды алып койсом кээ бирлер тааныбай калат. Анын артынан канча сөгүү уктум, канча ийгиликтерге жеттим дегендей.
Жаш кезимде баары "чачыңды ал" деп тажатып жиберишти. Бир күнү концерттин алдында чачымды кыска кылып алдым да, бир кара костюмду кийип сахнага чыгып бийлебей түптүз туруп алып ырдасам эл кол чаппай койду. Анда телефон жок да, бизге кат жазышчу. Кат келди. "Мерген байке, чач кайда? Биз сизди чачыңыз менен күтөбүз. Сиз биздин үмүтүбүздү актаган жоксуз. Алдагы аза күткөндө кийчү костюмуңузду чечиңиз..."- деп жазыптыр, ошондон кийин чачымды кыркпай калдым". - Бир туугандарымдын ичинен өзгөчөсү менмин, себеби баарынын фамилиясы Ырысалиев. Жалгыз мен Турганмын. Мурда мен деле Ырысалиев болчумун, бирок атамдын атын чыгаргым келди. Калгандары чоң атамдын атына жазылып жүрүшөт.
Үйдүн ортончусумун да, анан кичинекейимде ортодо эле жумуш аткарбай жыргап жүрчүмүн. Жумшаса кичүүсүн же улууларын жумшашчу да, мени эмес (күлүп). Анан менден кийинки иним экөөбүз шоктукту ой да бир кылабыз. Айылдын четинде чоң суу агат, киргилт. Жашпыз, үйдөгүлөрдөн жашынып барып жыргап ошого түшөбүз. Денебиздин баары жарылат, үйгө кайтканда улуу эжем вазелинди шыбап туруп шамалга тургузуп коёт. Эми ачышканын айтпа, ошентип 1-2 саат турабыз. Акырында чыдабай чыңырып ыйлап, «экинчи сууга түшпөйбүз» деп сөз берип кутулабыз. Кайдан, кайра эле барып түшө берчүбүз.Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Мен чыгармачылыкка аралашып калганымдан кийин эң улуу агам шаарга келип калды. Мен анда эчак узун чачты коюп алгам. Нарындан андайды көрбөгөн да, далай урушту го «кестир чачыңды» деп. Ал тургай ырларымды да укчу эмес, иши да жок болчу. Өзүм менен өзүм ырчы болом деп туйлаганым туйлаган эле. Азыр болсо бир туугандардын баары колдошот, сыйлашат.
Бир туугандар арасында сый-урмат аябай күчтүү. Улуу агам ата ордун басып калган. Анын айтканын айткандай аткарабыз. Мен да өз кезегинде кичүүлөр туура эмес иш кылса акылымды айтып, туура жол көрсөткөнгө аракет жасайм.
"Кудай мага пейилиме жараша алтындай келинди, алтындай кудаларды тартуу кылды. Азыр небере күтүп жатам. Менин кызым жок, буюрса, кыз экен. Баламдын апасы экөөбүз абдан сүйүнүп жатабыз. Кайната болгондон кийин мурдагыдай ачык-чачык кийинбей, сахнада өзүмдү кармап токтоо болуп калдым. Буюрса, балдарыма чоң үй салып берейин деп жатам. Нарындын уулумун да, андан сырткары мал багып жатам. Казакстанга тынбай каттайм. Себеби кайнатам оорукчан, жубайым жумушуна байланыштуу ал жакта жашап жатат. Экинчи уулум Ханраат 2-класста окуйт. Таланттуу, жакшы ырдайт. Казакча сүйлөгөнү менен, дайыма "мен кыргызмын" деп кыргыздардын таламын талашып жүрөт. Келечекте ал уулум кыргыз менен казактын сыймыктанган уулу болот деген үмүтүм бар".


коп жашаныз Мерген байке
Эр ортону элуу- деп коет эмеспи элибизде.
Элуу жашын кут болсун!!!!
Жарык дуйнодогу бар жакшылыктардын баарын каалайм!!
Талантын ташкындап, орконун осо берсин, бала-чаканын кызыгын , рахатын жубайын менен бирге коруп КЫРГЫЗ ЭЛинин суймончугу болуп журо беришине тилектешмин!!
Бар бол КУРДАШ!!!