Бүгүн Өзбекстанда өтүп жаткан Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде Кыргыз курама командасы Ооганстан курамасы менен беттешет



Бүгүн, 24-июлда Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы Ооганстан курамасы менен беттешет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеште 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышып, анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашууда. Мелдеш 22-июль - 30-июль аралыгында Ташкенттин 3 стадионунда өтөт.
Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурлан Букуевдин шакирттери алгачкы беттеште Иран курамасы менен кездешип, 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
Эми 2-турдун алкагында Кыргыз курама командасы Ооганстан курамасы менен кез келет. Аталган беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат.
Кыргыз курамасынын беттештеринин тизмеси:
- 22-июль: Кыргыз Республикасы-Иран - 0:2;
- 24-июль: Ооганстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
- 26-июль: Өзбекстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00);
- 28-июль: Кыргыз Республикасы-Тажикстан (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30);
- 30-июль: Түркмөнстан-Кыргыз Республикасы (Бишкек убактысы боюнча саат 19:30).
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
- Дарбазачылар: Курманбек Нурланбеков ("Дордой"), Роман Жаныбек уулу ("Академия");
- Коргоочулар: Айтеңир Балбаков, Бейкунт Бейшебай уулу, Артур Данияров ("Илбирс"), Талгатбек Бактыбеков ("Дордой"), Ибрахим Жетимишов ("Академия");
- Жарым коргоочулар: Баймырза Алманбет уулу, Арсен Шаршенбеков, Баястан Боконов ("Дордой"), Ырыскелди Тыныбеков, Байбол Эрмеков, Алинур Зарылжанов ("Илбирс"), Алинур Булабаев (Фрунзе);
- Чабуулчулар: Ааламбек Абылкасымов ("Абдыш-Ата"), Захриддин Абдилажонов, Кудурет Темирбеков ("Академия"), Атай Иличбек уулу ("Дордой").
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.