super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: "Боз салкын" тасмасындагы ролу үчүн "Эң назик образ" байгесине ээ болгон ырчы жана актриса Асема Токтобекова 32 жашка толду

 

Бүгүн кыргыздын таланттуу актрисасы, режиссёр жана ырчы Асема Токтобекова 32 жашка толду. Таланттуу айымды туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты. Ырчы ыраазычылык билдирип, өздүк майрамы мыкты маанайда башталганын айтып, бүгүнкү күнгө койгон пландары менен бөлүшө кетти.

"Туулган күндүк маанайым жакшы. Ал эми кечинде чыгармачылык чөйрөдөн, ар тараптан тапкан 40ка жакын санаалаштарымдын курчоосунда туулган күнүмдү белгилейм деп турам. Азыр ошого даярдыктарды көрүп жатам. Буюрса, борбор шаарыбыздагы эс алуучу жайлардын биринде өтөт", - дейт ал.

Ошондой эле чыгармачылыгындагы жаңылыктары тууралуу:

"Чыгырмачылыкта удаа эки тасмага тартылып жатам. Режиссёр Бакыт Осмонкановдун киносуна тартылып бүттүк. Ал эми азыркы учурда "Гонщик таксист" аттуу тасмага тартылып жатам. Буюрса, жакында үчүнчү тасмага тартылуу алдында турам, азырынча анын аталышы сыр бойдон калсын", - деди Асема Токтобекова.

Кыргыз тасмаларынын көбүндө роль жаратып келе жаткан актриса буга чейин "Боз салкын" ("Светлая прохлада", 2007), "Уурунун махабаты" ("Влюблённый вор", 2009), "Көк жал" (режиссёру Асема Токтобекова, 2014), "Сүйүү күчү" (2018) сыяктуу фильмдерде чагылдырган образдары менен белгилүү.

Ырчы катары "Жаным", "Карамель", "Асем кыз", "Энекем", "Онтоосу ичте жүрөктүн", "Мезгил", "Наристем", "Жымыңдайт жылдыз", "Көл кечи" жана башка ырлары менен таанылып келет.

Ушул жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде актриса, режиссёр Асема Токтобекованын "Сүйүү күчү" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлгөн. Аталган тасмада актёрлор Марат Алышпаев, Гүлмира Турсунбаева, Болот Тилек уулу, Замира Сатыбалдиева жана баш каармандар Асема Токтобекова менен Улан Эшпаев роль жаратышкан.

"Ондон ашуун тасмада баш каармандын ролун жараттым. Бул тасмада мен балага, бир тууган, энеге болгон сүйүүнү көрсөткүм келди. Кино 2017-жылы эле бүткөн, бирок кырсыкка байланыштуу өзүмдү моралдык жактан даярдап жүрдүм. Мен тартылып жатканда экинчи режиссёр жардам берип жатты, ошондуктан эч кандай кыйынчылык жаралган жок", - деген Асема Токтобекова.

Асема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыштар факультетин, кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.

2008-жылы режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" байгесине ээ болгон.

Үй-бүлөлүү. Учурда өмүрлүк жолдошу продюсер Акжол Нишанов менен бир уул, бир кызды тарбиялап келет.

25-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
25.07.2018. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асема туулган кунунуз менен куттуктайм, коп жашаныз, уй-булолук бакыт каалайм. Чыгармачылык ийгилик
25.07.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сизди мурда өлө сүйчү элем, бойдок болгонунузда сизди алмак элем аттиң,
25.07.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чындыгында Боз салкындагы жараткан ролу отто жаккан эле кийинки тартылган тасмалары баары маанисиз эптеп эле тартылгандай
26.07.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз шоу бизнесиндеги боексуз, чаптамаларсыз эле эн табигый сулуусу деп билем.Аябай сулуу назик кыз чынында. Бир да боегу жок жанынан коргом суктангам олло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: