super.kg logo
  Спорт  

ЮНЕСКО III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, көк бөрү оюнун материалдык эмес, маданий мурастардын Репрезентативдик тизмесине киргизди

 

ЮНЕСКО III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, көк бөрү оюнун материалдык эмес, маданий мурастардын Репрезентативдик тизмесине киргизди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиеваны кабыл алып, Солтонгелдиева ЮНЕСКО III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алганын айткан.

"Мындан тышкары көк бөрү салттуу ат оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес, маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизилди. 2018-жылдын январь айында ЮНЕСКОнун көк бөрү боюнча кабыл алган чечими ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөнүн эксперттери менен биргеликте аткарган 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн натыйжасы болду", - деп билдирген Сабира Солтонгелдиева.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЮНЕСКОнун III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, көк бөрү оюнун материалдык эмес, маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине киргизгени бардык кыргыз эли үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш экенин белгилеп өткөн.

Ошондой эле мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын катчылыгына аткарган жемиштүү иштери үчүн ыраазычылык билдирген.

ЮНЕСКОнун Репрезентативдик тизмеси өзүнө адамзатка баалуу деп эсептелген, өзгөчө материалдык эмес, маданий мурастарды камтыйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
24.07.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет?Ошоондо быйыл дагы кок борудо чыныгы улак эмес, оюнчукту карматып коебу
24.07.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98,ооба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: