Жайкы Азия оюндары: Футбол боюнча Кыргыз командасынын курамасы белгилүү болду

Азия оюндарына катыша турган футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн олимпиадалык командасынын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы кабарлады.
Аталган мелдеш, 18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда орун алат. Башкы машыктыруучу Игорь Кудренко мелдешке даярдануу максатында окуу-машыгуу жыйындарына 23 спортчуну чакырган. Окуу-машыгуу жыйындары 2-10-август аралыгында Бишкек жана Кант шаарларында өтүп, курама командасы 7-августта жана 10-августта 2 беттеш өткөрөт.
Айта кетсек, олимпиадалык мелдештердин эрежеси боюнча курама командадагы 3 оюнчудан башкасы 23 жаштан жогору болбоого тийиш.
Кыргыз олимпиадалык командасынын курамы:
- Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков, Калысбек Акималиев, Арстанбек Кудайбердиев;
- Коргоочулар: Айзар Aкматов, Давлятжан Баратов, Андрей Долженко, Бахтияр Дүйшөбеков, Темирлан Kозубаев, Аманбек Маныбеков, Азат Мурзашев, Аскарбек Салиев, Камолидин Ташиев, Мустафа Юсупов;
- Жарым коргоочулар: Одилжон Aбдурахманов, Азим Aзаров, Атай Жумашев, Нуртай Kурмантай, Элдияр Сардарбеков, Темирболот Тапаев, Алимардон Шукуров;
- Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кадырбек Шаарбеков, Бекжан Сагынбаев;
- Башкы машыктыруучу - Игорь Кудренко.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
-1

... Ушулардын Да арасынан Кошуш керек эле ото Эле Алсыз Команда болуп калыптыр