super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "1000 доллар сарптап өзүмдү 3 мүнөткө актриса сездим" дейт Кыздаркан Келдибекова

 

Замандын агымына ылайык, тамашалуу, позитивдүү жаңы клиптердин катарын Кыздаркан Келдибекованын "Телефон чалып тур" клиби толуктады. Кытайлык кыргыз бир туугандардын ырына клип тартуу учуру тууралуу ырчы, аткаруучу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Клип ыйык Орозо айында Ош, Бишкек шаарларында тартылды. Клипти тартууга 15 күн убактыбыз, болжол менен 1000 доллар акча каражатыбыз сарпталды. Тартуу идеясы режиссёр Эрнис Сыдыков экөөбүзгө таандык. Клипке башкы каарман кылып башка кыздарды тарталы деп ойлогонбуз. Бирок жалпы сюжетте ал кыздар көбүрөөк көрүнүп калат эмеспи, ошол себептен бул ирет өзүмдүн актёрлук чеберчилигимди сынап көрдүм. 3 мүнөткө өзүмдү актриса сезип койдум. Клип тартып баштаганда образга кире албай алгачкы кадрларда эле жасалма күлгөнүм билинип калыптыр. Аны клип толугу менен даяр болгондо байкадым. Жараткан эмгегибиз купулума толду деп айта алам. Тартуу учурунда ит менен эшекти табуу бир аз кыйынчылык жаратты. Аларды чет жактагы бир айылга барып таап, ошол жактан тарттык. Эң негизгиси, сатыкта турган телефондорду базардан ижарага алып тарттык. Ал сатуучу эженин 30га жакын эле телефону бар экен. Ижарага алган күнү сатуучу эже жумушуна чыккан жок”, - дейт күлүп.

"Телефон чалып тур" ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
25.07.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо беременный окшойт эле. Келдибекова. Анча жеткире ырдап да. Клипке тартыла да алгпн эмес. Корунуп эле турат. Кичине кысынып тартынып тартылганы корунуп эле турат
25.07.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озун озу мактагандардан кач дечу беле?!!

Ырчы-чоорчулар оздорун мактап пиарлап элге таанытпаса, элге таанылуунун башка жолу калбады окшойт...

Жакшы аткаруучу, обончуларды пиары жок эле эл озу таанып алат...
25.07.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Клипте эшектен башка озгочо нерсе коро албадым.
25.07.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клип жонундо ачыгын айтып салсам точно БАН га кетем да, тийиштирип айта кетейин,кыргыз ырчыларында идея вообще жок,даже клипмейкерлеринде дагы,бир норма клипи жок, жакшына клипин коруп калсан,ал созсуз Озбектерден кочурулгон плагиат болот,текстин норма кылып жазса болмок,саны бар сапат жок!эптеп эле ырынын санын кобойткон, клип озбектердики ,жарымын эле кочургондугу учун тушунуксуз болуп калган, клип плагиат,кааласанар Элдик видеого кошом!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-07-25 16:26:03
25.07.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозодо тарттылган клип экен. Орозонун кунундо Кыздаркан Келдибекова канча мээнет кылды, молодец ишине ийгилик, Чыгармачылык эргуу каалаймын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: