super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндарынын футбол боюнча мелдешинде кайрадан чүчү кулак аземи орун алып, анда Кыргыз курамасы туш болгон "E" тайпасына БАЭ кошулду

 

Бүгүн, 25-июлда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Жайкы Азия оюндарында өтүүчү футбол боюнча мелдеште кайрадан чүчү кулак аземи орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.

Буга чейин 5-июль күнү чүчү кулак аземи орун алып, анда Кыргыз курамасы "Е" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Малайзия жана Бахрейн курама командаларына туш болгон. Бирок уюштуруучулар чүчү кулакка БАЭ менен Палестина курамаларын кошпой калып, кайрадан чүчү кулак өткөрүштү. Анда БАЭ курамасы "Е" тайпасына кирип, Палестина "А" тайпасына кирди.

18-августтан 2-сентябрга чейин Индонезияда өтө турган Жайкы Азия оюндарында футбол боюнча мелдеште 26 курама команда 6 тайпага бөлүнгөн. Анда Игорь Кудренко баштаган Кыргыз олимпиадалык курамасы "Е" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Малайзия, Бахрейн жана БАЭ курама командалары менен кез келет.

Айта кетсек, футбол боюнча олимпиадалык курама командасына 23 жашка чейинки спортчулар жана 23 жаштан жогору 3 спортчу гана кирет.

Кыргыз олимпиадалык командасынын курамы:

  • Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков, Калысбек Акималиев, Арстанбек Кудайбердиев;
  • Коргоочулар: Айзар Aкматов, Давлятжан Баратов, Андрей Долженко, Бахтияр Дүйшөбеков, Темирлан Kозубаев, Аманбек Маныбеков, Азат Мурзашев, Аскарбек Салиев, Камолидин Ташиев, Мустафа Юсупов;
  • Жарым коргоочулар: Одилжон Aбдурахманов, Азим Aзаров, Атай Жумашев, Нуртай Kурмантай, Элдияр Сардарбеков, Темирболот Тапаев, Алимардон Шукуров;
  • Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Кадырбек Шаарбеков, Бекжан Сагынбаев;
  • Башкы машыктыруучу - Игорь Кудренко.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.07.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Женилсенер да мейли,бирок кичине болсо да намыс менен татыктуу оюн коргозуп бергиле
25.07.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо А жана Е группасынан канча команда чыгат кийинки баскычка? Супер бир нерсени толук жазсанар сураныч!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: