super.kg logo

Дональд Трамптын Голливуддагы даңк аллеясындагы жылдызы талкаланды

 

Бүгүн, 25-июлда эртең менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Голливуддагы даңк аллеясындагы жылдызын белгисиз адам талкалап кетти.

Бул тууралуу лос-анжелестик журналист Жонатан Гонсалес биринчилерден болуп өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Жылдыз талкаланганга чейинОкуяга күбө болгондордун жана полиция кызматкерлеринин айтымында, белгисиз адам аллеяга гитара салгычты көтөрүп келип, анын ичинен керки алып чыккан да жылдызды талкалай баштаган. Андан кийин кылмышкер өзү полиция кызматын чакырып, ал жерден качып кеткен. Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал тартип сакчылардын колуна түшкөн.

Гонсалестин айтымында, мындай вандалдар (маданиятты талкалоочулар) буга чейин да Трамптын аллеядагы жылдызын бир нече жолу талкалап кетишкен. Бирок бир да жолу жылдыз толугу менен талкаланган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
26.07.2018. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тушунбойсун да ушуларга, эн атактуу деген адамдын аттары жазылып турат бирок ойдодо эмес жерде, бут алдында.
26.07.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клеш ойноюн дегенго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: