super.kg logo

Блог: Үй-бүлөмдү толугу менен "Билайндын" "Просто" тарифине өткөрдүм

 

Бактылуу үй-бүлөнүн белгиси (көрсөткүчү) - анын мүчөлөрүнүн бири-бири тууралуу ар дайым кабардар болуусу. Алар дүйнөнүн кайсы жеринде жүрбөсүн, бири-бири менен байланышып турушат. Кардарларынын ар дайым байланышта болуу суроо-талабын канааттандырыш үчүн уюлдук операторлор түрдүү тарифтерди ойлоп таап сунушташат эмеспи. Тарифтердин көптүгүнөн баш айланат, кээ бир "жегич" тарифтердин айынан акча абага кеткен учурлар болот.

Буга чейин мен жеке иштерим боюнча жана кесибиме байланыштуу "Мегаком", "Билайн" жана "О!" компанияларынын сим-карталарын колдонууга муктаж элем. Айына жалпысынан 2 миң сомго жакын акча коротчумун. Албетте, өлкөдө орточо айлык 15 миң сомдун тегереги болуп жатканда, бир адамдын байланышы үчүн эле 2 миң сом короткон - бул ысырапкорчулук жана үй-бүлөлүк бюджет үчүн түйшүк.

"Билайн" компаниясынын жаңы "Санаасыз"("Просто") тарифтик планы тууралуу жарнамасын футбол боюнча Дүйнө биринчилиги өтүп жатканда көрүп кызыгып калгам. Башында катардагы "жегич" тариф деп эсептегем. Ачыгын айтканда, бул тарифти өтө мактагым келбейт. Баарыңар бул тарифке өткүлө деп үндөйүн деген да оюм жок, болгону артыкчылыктары жана кемчиликтери менен тааныштыргым келет. Мен билбеген мындан да ыңгайлуу тарифтер болсо керек, бирок бардык жактан караганда "Санаасыз" тарифи мен үчүн, үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу жана арзан деп таптым.

Биринчиден, интернеттин ылдамдыгын жогору бааладым. Үйүмдө интернетти тез ылдамдыкта тараткан WI-FI бар экенин унутуп да койдум. Жумасына берилчү 4 гигабайттын бир топ көлөмү ашып да калууда. Бул тарифке өткөнүмө 10 күн болду, бул аралыкта Ысык-Көлгө барып келгем. Көлдөн сүрөттөрдү жана видеолорду интернеттеги жеке баракчама чыгарууда маселе жаралган жок: интернет бат иштеп жатты. Бишкекте да, Ысык-Көлдө да телефондун антеннасы да толук көрсөтүлүп турганы ичимди жылытып турду.

Экинчиден, "Санаасыз" тарифинин абоненттик төлөмү жумасына 95 сом. Демек, айына 400 сомдун тегереги. Бул тарифтин өзгөчөлүгү, башкача айтканда, "фишкасы" - бир жума ичинде башка тармактардын номерлерине 10 мүнөттүк акысыз чалуулар. Бул "фишканы" мен өзгөчө жактырдым, анткени айрым учурда башка тармактарга чалууга аргасыз болом. Буга чейин мындай учурларда көп акчам кетип калчу. Эми бул маселе чечилди десем болот.

Дагы бир жактырган жери - эгер абоненттик төлөм төлөнбөй калса, баалар өтө коркунучтуу эмес. Болгону башка тармактардын номерлери менен бир мүнөттүк сүйлөшүү 5 сомго чыгып калат. Муну 3 сом кылышса жакшы болмок.

Баса, акысыз түнкү интернет кызматын да бир жолу сынап көрдүм. Түнкү саат 01:00дөн таңкы 07:00гө чейинки чексиз интернет жогорку ылдамдыкта берилет экен. Муну көбүнчө жаштар пайдаланышат. Аталган тарифтик план улууларга да жаштарга ыңгайлуу болгондуктан, үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрүн "Санаасыз" тарифине котордум. Эми ашыкча чыгашалар кетет деп санаа тартпай калдым.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
31.07.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кымбат кымбат, 50 сомго түшүрүш керек
31.07.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Рекламаны окшоштурупсуңар
31.07.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыйратыпсың оюнан чыгарып жазып койсо керек
31.07.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
60-сом кылсда болмок
31.07.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы убакта Кыргызстаныбызда интернет жакшы өнүшүп өсүп жатат.
Жумалык кылып койгону менен деле баарган сайын кымбаттай берет.
Пакеттердин да көлөмдөрү көбөйт.
Мисалы, Россияда деле ушундай бирок, алар айына төлөмдү алат 400 сомго бул жакта дээлик 15Гб -20Гб алсаңда болот.
А бизле эми өнүгүүдө.
Бирок, Россияда деле акысыз түнү-күнү интернетти жоюп салышты дээрлик.
Баары эле пакет колдонушат.
31.07.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окшошпой калыптыр,
31.07.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошка 50 сомго 6ГБ берет ошол жакшыго кайра
01.08.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы ушул тарифке өткөндөн бери интернет абдан жакшы иштеп калды. О,мегаком биз жакта жакшы тартпайт. Мен интернетке эле колдоном жумасына 95 сомго 7гб алам бир жума бою ойлонбой иштете берем.
01.08.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marjan90, 7Гб эмес 4 Гб берет. Мен бош убактымда кино көрөм. Ошон үчүн 4 Гб мен үчүн аз. 3-4 күнгө араң жетет.
01.08.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
95 сомго 7 гб берет.
01.08.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда неге мб ченеп берет, кобурок берсе жакшы болмок. Россияда мегафон колдоном айына 600р салам 15гб берет ёще Ватсап Инстаграм ж.б бекер.
02.08.2018. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайнды коргум жок.Элди алдашты мыкты оздоштургон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: