super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ИЮЛЬ: "Так талашуу оюну" сериалынын баш каармандарынын бири Жейме Ланнистер 48 жашка чыкты

 

Мындан 48 жыл мурун, тагыраагы, 1970-жылы 27-июлда "Так талашуу оюну" ("Игра престолов") сериалында Жейме Ланнистердин ролун аткарып атактуулукка жеткен даниялык актёр Николай Костер-Вальдау Рудкобинг аймагында төрөлгөн.

Өспүрүм курагында жеңил атлетика менен алектенип, жакшы жыйынтыктарга жетишкен.

Бала чагында актёр болуу жөнүндө кыялданып, бирок ал тууралуу эч кимге айткан эмес. Актёрлук билим алып, дипломго ээ болгон соң режиссёрлордон сунуштар түшүп, ролдорду ийине жеткире аткарган.

Актёр "Так талашуу оюнунан" сырткары "Египеттин Кудайлары" ("Боги Египта"), "Кара карчыга" ("Чёрный ястреб"), "Апа" ("Мама"), "Обливион" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан.

2001-жылы экранга чыккан "Так талашуу оюну" сериалынын ар бир сезонунда катышкан актёр акыркы сезонунда да катышкан. Сегизинчи сезону учурда тартылып бүтүп, 2019-жылы көрсөтүлмөкчү.

Николай Костер-Вальдау актёрдук карьерасы менен бирге сценарист, продюсер жана режиссёр катары да таанылып келет.

Жеке турмушунда 1998-жылы гренландиялык модель, актриса Нукака Мотцефельдтке үйлөнгөн. Түгөйлөр 2000-жылдын октябрь айында Филиппа, 2003-жылы ноябрда Сафина ысымдуу кыздуу болушкан.

27-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: