Санкт-Петербургда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт
Бүгүн, 27-июлда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, жыйында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелери каралат.
Анын ичинде санариптик өнүктүрүү, энергетика жана транспорт тармактарында, транзиттик товар, бажы кызматташтыгы, ошондой эле ЕАЭБдин ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуу маселелерди талкуулоо күтүлүүдө.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Кыргыз мамлекетинин өкмөт башчылары катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

