super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 29-ИЮЛЬ: Бүгүн эл аралык жолборс күнү. Азууларынын узундугу 10 сантиметрге чейин жеткен бул жырткыч жөнүндө кызыктуу маалыматтар

 

2010-жылы Санкт-Петербург шаарында өткөн "Жолборс саммитинде" бул жырткычтарды жок болуп кетүүдөн сактап калуу үчүн жолборс күнүн белгилөө кабыл алынган. Жолборс байырлаган 13 өлкөнүн өкүлдөрү бул күндү белгилөөнү демилгелеген. Форумдун жүрүшүндө 2010-2022-жылдарга карата жолборстордун тукумун көбөйтүү программасын иштеп чыгып, кабыл алышкан.Тилекке каршы, акыркы 100 жылдын ичинде бул жырткыч жаныбардын саны дүйнөдө 25 эсеге азайган. Бүгүнкү күндө алардын жок болуп кетүү коркунучу бар. Көпчүлүк учурда алар браконьерлердин курмандыгы болушат. Буга байланыштуу эл аралык экологиялык уюмдар аларды сактап калуу үчүн аракеттерди жасоодо.

ЖОЛБОРСТОР ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:

1. Жолборстордун жүнүндөгү сызыктар бири-бириникине окшобойт. Ар бир жолборсто алар ар түрдүү. Эгер сиз бул сызыктар жолборстун жүнүндө гана деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Жолборстун терисинен тартып башка-башка өңдөгү сызыктар бар.

2. Жолборстордун орточо өмүрү - 20 жыл.

3. Жолборстордун көрүүсү адамдардын көрүүсүнөн 6 эсеге күчтүү. Ошондой болсо да алар түнкүсүн аң уулабайт. Жолборстор өздөрүнүн олжосун көбүнчө таң алдында же күн батарда кармашат.

4. Кыска аралыкка чуркаган учурда жолборстордун ылдамдыгы саатына 65 чакырымга жетет.

5. Жолборстор суудан коркпогон жаныбарлар. Бул жырткыч 5-6 чакырым аралыкка чейин сүзө алат. Кээде суудан ырахат алуу үчүн да сүзүп турушат.

6. Ургаачы жолборстордун курсактагы баласын көтөрүүсү 3 айга созулат. 3 айдан кийин 2-3, айрым учурларда 4 кичинекей балдары туулат.

7. Бул жырткычтын азууларынын узундугу 10 сантиметрге чейин жетет.

8. Жолборстор жалгыз жашаган жандыктар. Эне жолборс балдарын 2 жылдан кийин өзүнөн бөлүп, баары тарап кетишет.

9. Чоң жолборстор күнүнө 7-9 килограммга чейин эт жеши керек. Бир жылда ал жеген эт 2,5-3 тоннага жетет. Бул арстандардын бир жылдык эт азыгынан 2 эсеге көп.

29-июлга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: