SUPER TV: Гу Жун Пёну алыстан издебе. Кыргыз жаштары К-РОР толкунун кандай өткөрүүдө?




Түстүү чачтар, чыпташкан тытык шымдар жана көйнөктөрүн белине байлаган жигиттер. Аларды бир гана Корей дорамаларынан эмес, Бишкектин көчөлөрүнөн да көрүүгө мүмкүн. Корей толкуну жаңыланып, К-РОР жанры аркылуу кайрадан дүйнөнү каптаган учур. Жандуу, динамикага бай, креативдүү, ошондой эле түстүү, кооз жана ачык кийимдерге басым жасаган жаштар Кыргыз жергесинде да арбын.
Жаш жигиттерден куралган "Уoungkiss" бийчилер тобу дал ушул агымдын өкүлдөрү. Алар жакында эле Бишкекте өткөн К-РОР фестивалында Гран-Прини жеңип алышты. Учурда алар дүйнөлүк К-РОР фестивалына катышууга аракет жасап, тер төгүп иштеп жаткан чактары. SUPER TV жигиттердин даярдыгынан кабар алып, азыркы жаштардын искусствого болгон табитинен билип кайтты.
Бул тууралуу видеону көрүү үчүн шилтеме аркылуу SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.
кошулду


Гу Жун Пе беле,назик кыздарга окшоп турат экен,ошолорду кыздар тоготосунарбы,айткылачы.Эркек эркектей болгону жакшы го...